Викиказына:Ыктыярдуу жардам берүүчү топ

From Wikimedia Commons, the free media repository
Jump to navigation Jump to search
This page is a translated version of a page Commons:Volunteer Response Team and the translation is 100% complete. Changes to the translation template, respectively the source language can be submitted through Commons:Volunteer Response Team and have to be approved by a translation administrator.

Shortcuts: VRT • VRTS • COM:VRT • COM:VRTS

Current backlog (oldest unanswered mail or ticket) in permissions-commons queue is 14 days.
ЫЖБТнын маалымдоо тактасы
ЫЖБТнын маалымдоо тактасы
Ыктыярдуу жардам берүүчү топко тиешелүү барактардын негизгилери

Ыктыярдуу жардам берүүчү топ (ЫЖБТ; Volunteer Response Team (VRT), мурдагы OTRS (Open-source Ticket Request System)) ― 2004-жылдын сентябрынан бери электрондук почтага Викимедиа долбоорлору боюнча түшүп жаткан суроо-талаптар, даттануулар жана пикирлер менен иштеген ыктыярчылардын тобу. Volunteer Response Team Software (VRTS; Ыктыярдуу жардам берүүчү топтун программалык камсыздоосу) ― Викимедиа долбоорлорунда, анын ичинде Викиказынада электрондук кат алышууну башкаруу жана архивдөө үчүн колдонулган курал. VRTS куралынын Викиказынадагы негизи колдонулушу ― лицензиялык уруксаттарды текшерүү жана архивдөө.

Кээ бир учурларда, автордук укуктун ээси кандайдыр бир файлды эркин лицензиянын шарттарында жарыялоого уруксат бергенин далилдөө үчүн ЫЖБТга электрондук кат жөнөтүү керек болушу мүмкүн. Мындай далилдер permissions-commons@wikimedia.org же белгилүү бир тилге арналган башка электрондук почтага жөнөтүлүшү керек. VRTS автордук укуктун бузулганы жөнүндө билдирмелер менен иштөө үчүн да колдонулат.

VRTS кызматына жөнөтүлгөн электрондук каттарды көп тилдүү ишенимдүү ыктыярчылардын тобу карайт. Темага тиешелүү электрондук каттарды чогуу топтоо жана кат алышууну кийинчерээк таап, кайра карап чыгуу үчүн ар бир темага кайталангыс номур берилет. Кат алышуу тийиштүүлөргө гана көрүнөт.

VRTS интерфейси
Ушул сүрөттү колдонууга уруксат VRTS аркылуу алынган

Ар бир кайрылуу ыктыярчы тарабынан каралат. Уруксаттын аныктыгын жетиштүү далил ырастаса, ыктыярчы тиешелүү файлдарды текшерилди деп белгилейт. Мындан тышкары, уруксат текш��рилгени менен мурда жок кылынган файлдар ыктыярчы тарабынан калыбына келтирет, андыктан файлдарды кабылына келтирүүнү өзүнчө сурануунун кажети жок. Далилдер жетпесе, ыктыярчы кайрылган тараптан кошумча маалымат сурашы мүмкүн. Ыктыярчылар автордук укукту бузган кандайдыр бир материалдарды байкап калышса, анын жок кылуу боюнча чараларды көрүшөт.


ЫЖБТнын жигердүү мүчөлөрүнүн саны келип жаткан электрондук каттардын санына салыштырмалуу аз. Англис тилиндеги каттар учурда 14 күндүн ичинде каралууда. Каттарды батыраак карап чыгуу үчүн Викиказынанын тажрыйбалуу ыктыярчыларын командабызга кошулууга чакырабыз.

VRTS кайрылуунун жарактуулугу же макамы жөнүндө суроолорду ЫЖБТнын маалымдоо тактасынан берсеңиз болот.

Электрондук каттарды жамааттын ыктыярчылары карайт. «‎Permissions-commons» кезегиндеги VRTS кайрылууларды ал кезекке жетүүсү бар ыктыярчыларга көрүнөт. Викимедиа фонду катыңыздагы астейдил мамилени талап кылган маалыматтын купуялыгына кепилдик бере албайт, бирок бардык ыктыярчылар купуялыкты сактоого милдеттүү. Колдонуучулар субъекттердин же авторлордун инсандыгын аныктоого мүмкүндү берген жеке маалыматты, биринчи кезекте аты-жөндөрдү, кандайдыр бир даректерди жана электрондук почталарды ачыкка чыгарууда этият болушу керек.

Кайсы учурларда ЫЖБТга кайрылуунун кажети жок

Жүктөгүңүз келген файлга төмөнкү жагдайлардын бири туура келсе, ЫЖБТга кайрылуунун кажети жок:

Чыгарманы колдонууга уруксатым жок жана ал эркин лицензия боюнча жарыяланган эмес.

Викиказынага акысыз лицензиядагы же коомдук энчидеги чыгармалар гана кабыл алынат. Чыгарма ушул эки топтун бирине таандык болбосо, аны жүктөбөңүз.

Чыгарманы өзүм жараттым, ал мурда жарыяланган эмес жана ага болгон автордук укуктун жалгыз ээсимин.

Чыгарманын мыктылыгы, кесипкөй сапаты же башка себеп үчүн ал чыгарманын автору болгонуңуз шек туудурбаса, Жүктөө устаты аркылуу жүктөңүз.

Чыгарма алгач менин сайтымда же башка бирөөнүн сайтындагы жеке мейкиндигимде жарыяланган.

Сонун! Сайтыңыздагы чыгарманы эркин лицензия боюнча жарыялоо үчүн нускаманы караңыз. Жаңы жүктөлгөн файлдар текшерилет. Чыгарманы эркин лизенция боюнча жарыялаганыңызды кийин ырастай алышыңыз үчүн Интернет архивинин «Баракты сактоо» функциясын колдонуңуз.
Bandcamp платформасында жарыяланса
CC BY же CC BY-SA лицензиясын колдонсоңуз болот.
Blogspot платформасында жайгаштырылса
темаңызды жаңыртуу боюнча нускаманы караңыз.
DeviantArt платформасында жарыяланса
CC BY же CC BY-SA лицензиясын колдонсоңуз болот.
Flickr платформасында жарыяланса
Flickr платформасында жарыялоо боюнча нускаманы караңыз.
SoundCloud платформасында жарыяланса
CC BY же CC BY-SA лицензиясын колдонсоңуз болот.
YouTube платформасында жарыяланса
CC BY лицензиясын колдонсоңуз болот.
Vimeo платформасында жарыяланса
CC BY же CC BY-SA лицензиясын колдонсоңуз болот.
Wordpress платформасында жарыяланса
Бир нече жолу чыкылдатып, бүтүндөй сайтты CC BY-SA лицензиясы боюнча жарыяласаңыз болот.
Социалдык тармактарда жарыяланса (Facebook, Instagram, ж.б.)
Фотографияңыз эркин лицензия боюнча жарыяланганын көрсөтүү үчүн аны тийиштүү сыпаттама же комментарий менен коштоңуз. Эгер платформада постторду түзөтүүгө жол бербесе (мисалы, Twitter), фотографияга шилтеме берип жаңы пост түзүңүз. Ал баарына көрүнүшү керек.

Эркин лицензия боюнча жарыяланган чыгарманы Flickr сайтынан таптым.

Викиказынада ушундай чыгармаларды текшерүү жол-жобосу бар.

Чыгармаларды лицензиялоо: ЫЖБТга качан кайрылышым керек?

Төмөнкүлөрдүн бири сизге туура келсе, VRTSге кат жолдошуңуз керек:

Чыгарманы Викиказынага жүктөө үчүн анын авторунан (өзүмдөн эмес) уруксат алдым.

Автордук укуктун ээсинен анын уруксатын жогорудагы дарекке жөнөтүүнү сураныңыз. Авторлор чыгармаларын эркин лицензия боюнча жарыялоого так жана даана уруксат бериши керек. Түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн уруксаттын калыбын колдонуңуз. Чыгарманы Викиказынада же Википедияда гана колдонууга уруксат жарабайт, жарактуу уруксат чыгарманы эркин лицензия боюнча жарыялоого уруксат бериши керек. Чыгарманы Викиказынага жүктөп койгон болсоңуз, Permission pending калыбындагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Файл жок кылынган болсо, аны калыбына келтирбей, ЫЖБТнын мүчөлөрү менен кат алышууда жок кылынган файлга же баарлашуу бара��ыңызга шилтеме келтириңиз.

Автордук укуктун ээсимин, бирок чыгармам мен түзөтө албаган булакка эркин лицензиясыз жарыяланган.

Чыгармаңызды белгилүү бир эркин лицензия боюнча жарыялоону каалаганыңыз жөнүндө так жана даана билдирмени (алгач жарыяланган жерге шилтеме берүү менен) бизге жөнөтүңүз. Андай каттын үлгүсүн караңыз. Же болбосо, чыгармаңызга эркин лицензияны кошуңуз жана файлдын Викиказынадагы сыпаттама барагына {{License review}} калыбын кошуңуз. Билдирмеңиздин аныктыгын текшергенден соң, анын жарактуулугу тууралуу сизге билдирип коёбуз.

Автордук укуктун ээсинин кызматкеримин.

Автордук укуктун ээсинин атынан иш алып барып жатканыңызды жана жумуш берүүчүңүз чыгарманы белгилүү бир эркин лицензия боюнча жарыялоого уруксатты сизге бергендигин ырастаган так жана даана билдирмени электрондук почтабызга жөнөтүңүз. Андай каттын үлгүсүн караңыз. Же болбосо, автордук укуктун ээсинин чыгармаларын жайгаштыруучу өз сайтына, андагы чыгармалар эркин лицензия боюнча жарыяланганын ырастаган жазууну кошуңуз. Билдирмеңиздин аныктыгын текшергенден соң, анын жарактуулугу тууралуу сизге билдирип коёбуз.

Чыгармаларымды башка булактарга улам жарыялап турганым үчүн ар бирине уруксат берүү менен убара болгум келбейт.

Викиказынадагы аккаунтуңуз (же Викиказынадагы башка аккаунт) чыгармаларыңызды (каалаган же «Х иш-чарасынан сүрөттөрүм, 15.10.2013» деген сыяктуу топтомду) лицензиялоого ыйгарым укуктуу экенин так жана даана билдириңиз. Муну келечектеги жүктөөлөрүңүздө эске алабыз.

Автордук укуктун ээсимин, чыгармам Викиказынага уруксатсыз жайгаштырылган.

Викиказынадагы маселе жараткан файлга шилтеме, мүмкүн болсо, ал чыгарма алгач жарыяланган жерге шилтеме менен кошо көйгөйдүн чоо-жайын commons-copyvio@wikimedia.org электрондук почтасына жөнөтүңүз. Кайрылууңузду карап чыгып, файл тийиштүү уруксатсыз жарыяланганын аныктасак, аны жок кылып салабыз.

Автордук укукка ээ БОЛБОСОҢУЗ

Чыгармага автордук укугуңуз жок болсо, чыгарма коомдук энчиде болбосо же Викиказына менен шайкеш келген эркин лицензияда боюнча жарыяланбаса, автордук укуктун ээси менен байланышып, анын чыгармасын Викиказынага жүктөөгө уруксат алышыңыз керек. Төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

  • Файлды Викиказынага жүктөөрдөн мурун, автордук укуктун ээсин таап, аны менен байланышып, анын чыгармасын эркин лицензия боюнча жарыялоого уруксат сураныңыз.
    Укук ээси Викиказынада колдонулуучу лицензиялардын бирин тандашы керек. Колдонууну Википедия же Викимедиа долбоорлору менен чектеген уруксат жарабайт. Автордун уруксатынын үлгүсүн караңыз. Файлды эркин лицензия боюнча жарыялоого уруксат берилиши толугу менен автордук укуктун ээсине көз каранды.
  • Уруксат алганда, автордук укуктун ээси тандаган лицензия Викиказынага туура келерин текшериңиз. Туура келсе, файлды Викиказынага жүктөп, файлдын сыпаттама барагындагы автордук укуктун ээси тандаган лицензияга кошумча {{subst:PP}} («Permission Pending» ― уруксат күтүлүүдө) калыбын коюңуз.
  • Андан соң, автор, анын сиз менен кат алышуусу, Викиказынадагы файлга шилтеме менен кошо так жана даана уруксатын permissions-commons@wikimedia.org электрондук почтасына жөнөтүшү керек. Файлдын булагы жана анын лицензиясы тууралуу маалымат берүү тууралуу авторду эскертиңиз.
  • ЫЖБТнын ыктыярчысы уруксаттын жетиштигин жана аныктыгын текшерип, {{Permission pending}} калыбын {{PermissionTicket}} калыбына алмаштырат.

Автордук укуктун ээси болуп, Викиказынага жүктөлгөн мурда жарыяланган чыгарманын лицензиясын ырастагыңыз келсе, уруксатты өзүңүз жөнөтүшүңүз керек.

Уруксат берүүчү каттын калыбы

Shortcut


Автордук укук өзүңүзгө таандык файлга уруксат берүү үчүн ушул баракка өткөн болсоңуз, электрондук каттын калыбын толтуруунун ордуна, өйдө жактагы шилтемени басыңыз. Уруксат берүү куралы файлга уруксат берүү процессин жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан. Электрондук кат аркылуу деле уруксат берсеңиз болот, бирок бул ыкманы өзгөчө учурларда гана колдонгонуңуз оң. Чоң рахмат!

Википедияда чыгармаларын колдонууга уруксат бергиси келген автордук укуктун ээлеринен «Википедияга сүрөттөрүмдү колдонууга уруксат берем» сыяктуу көп электрондук каттар келет. Тилекке каршы, мындай билдирмелер юридикалык өңүттөн алып караганда жетишсиз болгондуктан, уруксатыңыз кыйла тагыраак болушу керек. Ал үчүн төмөнкү калыпты колдонсоңуз болот.

Электрондук катты жөнөтөөрдөн мурун:

  • калыптын тийиштүү жерлерин толуктаңыз (мисалы, [аты-жөнүңүз] ордуна аты-жөнүңүздү жазыңыз);
  • чарчы кашаалардагы текстти зарыл болгондо өзгөртүңүз (мисалы, 2 же андан ашуу чыгарма келтирсеңиз [чыгарманын] ордуна «чыгармалардын» деп жазыңыз);
  • бардык чарчы кашааларды жана этек шилтемелерди алып салыңыз.


Кимге: permissions-commons@wikimedia.org


Ушул кат менен мен, [аты-жөнүңүз] [Викиказынага жүктөлгөн файлдын так URL дареги] шилтемеси (шилтемелери) боюнча жайгашкан [чыгарманын] же [чыгармада чагылдырылган чыгарманын] же [чыгарманын жана анда чагылдырылган чыгырманын] автору жана/же ага (аларга) болгон автордук укуктун жалгыз ээси экенимди ырастайм.

Жогоруда келтирилген чыгарманы (чыгармаларды) [Creative Commons Attribution-Share Alike 4.0 International] лицензиясы боюнча жарыялоого макулмун. Муну менен, жогоруда келтирилген чыгарманы (чыгармаларды) аталган лицензиянын шарттарын аткаруу менен мыйзам чегинде каалагандай, анын ичинде коммерциялык колдонуу жана өзгөртүү укугун бардыгына берип жатканымды түшүнөм.

Ушул уруксат Википедия же ага тиешеси бар сайттар менен гана чектелбестигин түшүнөм.

Жогоруда келтирилген чыгармага (чыгармаларга) автордук укугум жана аталган лицензияга ылыйык автор катары көрсөтүлүүгө укугум сакталаарын, чыгармага (чыгармаларга) башка жактар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр укук ээси тарабынан киргизилген деп эсептелбей турганын түшүнөм.

Ушул уруксатты жокко чыгара албаганымды жана чыгармам (чыгармаларым) Викимедиа фондунун долбоорунда дайыма (мөөнөтсүз) жайгаштырылышы же алардан жок кылынышы мүмкүн экенин түшүнөм.

[Авордун аты-жөнү] [Дата]

Файлдын барагында колдонулуучу калыптар

  • VRTSге жөнөтүлгөн уруксат каралып жатканы тууралуу билдирүү үчүн {{subst:PP}} колдонулат.
  • Уруксат алынып, бирок кошумча тактоолор талап кылынса, VRTS ыктыярчылары {{subst:OR|id=number}} калыбын, ал эми уруксат алынып, Викимедианын VRTS тутумунда архивделсе, {{PermissionTicket|id=number}} калыбы колдонушат. Бул калыпты ЫЖБТнын мүчөлөрү гана колдонушу керек. Аны тийиштүү укуксуз колдонуу кыянаттык чыпкасынын иштешине жана эскертменин берилишине алып келет. ЫЖБТнын мүчөлөрүнө «PermissionVRTS» гаджетин колдонуу сунушталат.

Дагы караңыз

Викиказынада
Башка долбоорлордо